Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Баткенде чек арадагы талаштарды талдаган жумушчу топ түзүү сунушталды


Чек ара маселесине арналган жыйын
Чек ара маселесине арналган жыйын

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө күч түзүмдөрүнүн, чек аралаш жайгашкан район, шаар жана айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөнүн облустук бийликтен “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Жыйында чек ара аймактарындагы чыр-чатактардын алдын алуу, жаңжалдарга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу, коңшулаш өлкөлөр ортосундагы макулдашылган чечимдерге жоопкерчилик менен мамиле жасоо, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси сөз болду.

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көрүстөнгө курулган жеңил бастырмага байланыштуу эки элдин пикир келишпестигине себеп болгон, эки өлкөнүн айыл аймак башчыларынын оозеки макулдашуусу сынга алып, чек араны делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин такталбаган аймакка курулуш курбоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар экени белгиленди.

Кеңешмеде чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу жана ага себеп болгон маселелердин үстүндө иш алып барган атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.

23-январда Тажикстандын Лаккан айылынын башчысы элүүдөй кишини топтоп келип, Кыргызстандын Кара-Бак айылынын мүрзөсүнө жаан-чачындан корголоочу бастырманын курулушун бузууну талап кылган.

Буга Баткендин Кара-Бак айылынан 100гө жакын киши топтолуп нааразылыгын билдирген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да эл топтолгон жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин топтолгондор тараган. (JsA)

XS
SM
MD
LG