Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Тажикстанда үч өлкөнүн облус жетекчилери кызматташтыкты талкуулашты


Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жер. Баткен облусунун аймагы.
Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жер. Баткен облусунун аймагы.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бири-бирине чектеш облустарынын жетекчилери элдин карым-катышын жандантып, аймактагы туризмди өнүктүрүүнү макулдашты. Ал үчүн маданий жана спорттук иш-чараларга басым жасалмакчы.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев, Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Ражоббой Ахмадзода Тажикстандын Канибадам шаарында 25-январда жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады. Үч тарап биргелешкен ишканаларды ачуу маселесин да караштыруу керектигин белгилешти.

Баткен, Согди жана Фергана облустары бири-бири менен чектешет. Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын 2017-2020-жылдарга, Кыргызстан менен Өзбекстандын 2016-2020-жылдарга эки тараптуу кызматташуу планынын негизинде өттү. Ага үч облустагы тең чек аралаш райондордун акимдери да катышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG