Орусияда акыркы сурамжылоо президент Владимир Путинге элдин ишеними соңку 13 жыл ичинде төмөндөп кеткенин көрсөттү.
Калктын пикирин изилдөө борбору өткөргөн сурамжылоого ылайык, Путинге ишенгендер жарандардын 32,8 пайызын гана түзөт. Бир апта мурдагы сурамжылоодо бул сан 33 пайыздан жогору болчу.
Путиндин саясатына ишеними азайгандардын көбү баалардын өсүшүн жана кирешенин азайышын (респонденттердин 57%), жумушсуздукту (46%) жана жарандарды социалдык жактан коргоонун алсыздыгын (43%) мисал келтиришкен.
Эксперттер орусиялыктардын нааразылыгын негизинен өкмөттүн пенсия курагын жогорулатуу (аялдар 60, эркектер 65) кадамына байланыштырып жатышат.
Медведев башкарып жаткан министрлер кабинети 2019-жылдын башынан Орусияда кошумча нарк салыгын да 18 пайыздан 20 пайызга көтөрдү.