Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Филиппинде чиркөөдөгү кош жардырууда бери дегенде 19 адам өлдү


Филиппин желеги.
Филиппин желеги.

Филиппинде 27-январда чиркөөдөгү кош жардырууда бери дегенде 19 адам көз жумду. Элүүгө жакын адам жарадар болду. "Associated Press" маалымат агенттиги кабарлагандай, бир жардыруучу түзмөк Холо аралындагы католиктердин чиркөөсүндө, эртең мененки сыйынуу учурунда жарылган. Экинчиси ошол жерге жакын собордо жарылды.

Бийликтин маалыматына караганда, курман болгондордун бешөө аскер кызматкерлери. Көбү сыйынууга келген кишилер.

Жардырууга азырынча эч кайсы террордук топ жоопкерчилик алган жок.

Маалыматтарга караганда, Филиппиндин дал ушул районун "Абу Сайяф" аттуу исламчыл террордук топ байырлайт. Мурдараак бул топ "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тилектеш экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG