Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Москвада бир түндө эле үч айлык нормадагы кар жаады (видео)

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Москвада 26-январда жаай баштаган кар үч айлык нормадагы жаан-чачынга тете болду. "Интерфакс" кабарлагандай, ишембидеги бурганак соңку 68 жыл ичиндеги эң күчтүү кубулуш катары катталды.

Шамалдын багыты өзгөрүп, кээде секундасына 17 метрге жетип жатат. Ага карабай, сууктун күчү -5 градустун тегерегинде.

Адистер Москвада мындай аба ырайы дүйшөмбүнүн таңына чейин уланарын эскертишти. Баш калааны буга чейин 9 миң техника каражаты кардан тазаласа, жекшембиде 12 миңге көбөйтүлдү.

​
XS
SM
MD
LG