28-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6,
Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, күндүз -11...-16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27...-32, күндүз -11...-16 градус болот.
Бишкек шаарында түндө -3...-5, күндүз 6...8 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.