Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Түркияда кыргызстандык келин өз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кыргызстандык келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, 27-январда 31 жаштагы кыргызстандык келин Адана шаарында өзү жашаган үйдө муунуп калган.

Каза болгон келин ал жакта бир үй-бүлөнүн кичинекей баласын карап иштеген. Ал эртең менен жумушка келбегендиктен иш берүүчүсү телефон чалган, бирок эч ким жооп берген эмес.

Полиция келин жашаган үйдүн эшигин ачтырып кирип, анын өлүгүн көргөн.

Кыргызстандык келиндин сөөгү Адана шаардык өлүкканасына жиберилди. Окуя боюнча Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги такташтыруу иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" Кыргызстанга жөнөтүлөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG