Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Венесуэланын аскер атташеси Гуайдонун бийлигин тааныды


Венесуэланын АКШдагы аскердик атташеси Хосе Луис Силва. 26-январь, 2019-жыл.
Венесуэланын АКШдагы аскердик атташеси Хосе Луис Силва. 26-январь, 2019-жыл.

Венесуэланын Вашингтондогу аскер атташеси, полковник Хосе Луис Силва оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн «легитимдүү президенти» деп тааный турганын билдирди. Ал мындай билдирүүнү жекшембиге караган түнү Вашингтондогу кеңсесинде туруп таратты.

«Бүгүн мен Венесуэланын элин, өзгөчө куралдуу күчтөрдөгү ага-инилеримди Хуан Гуайдону өлкөнүн жалгыз легитимдүү президенти катары таанууга чакырам», - деди Силва.

Ал Мадуронун бийлигин тааныбаган Венесуэланын биринчи жогорку кызматтагы дипломаты жана аскер кызматкери болду.

Силва "Reuters" агенттигине Венесуэланын АКШдагы элчилигинин эки консулдук кызматкери да Гуайдонун бийлигин тааныганын кошумчалады.

23-январда өзүн утурумдук президент деп жарыялаган Гуайдо Вашингтондогу дипломаттын билдирүүсүн кубаттап, өз мекендештерин Силванын жолун жолдоого үндөдү.

Өлкөнүн коргоо министри Силваны “коркок жана саткын” деп сындады.

Латын Америкасындагы Венесуэла мамлекетинде кош бийлик орноду. Саясий кризиске кептелген өлкөдө 23-январда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялап, ант берди.

Венесуэланын армиясы жана башка маанилүү мамлекеттик органдары дагы эле Мадуронун бийлигине баш ийип турушат.

XS
SM
MD
LG