Бүгүн, 28-январда ажылык зыяратка барчуларды ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, 2018-жылдын 28-декабрында зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгышы керек.
Авиациялык ишканаларга “бир учакка 250дөн киши батышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы утса анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун жана адал тамак-аш менен камсыз кылсын” деген талаптар коюлган.
Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлгөн. (NT)