Бишкекте бүгүн, 28-январда "Кумтөр" келишимин денонсациялоо жана кенди мамлекетештирүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, "Элдик курултайдын" чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, талкууда былтыр ноябрдагы курултайда көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы тууралуу сөз болот. Бул ирет уюштуруучулар курултайдын мүчөлөрү иштеп чыккан "Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо жана кенди мамлекеттин карамагына өткөрүү жѳнүндѳгү эки мыйзам долбоорун талкууга алып чыгат.
Жыйынга курултайдын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери, депутаттар, саясатчылар чакырылган.
2018-жылы 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, "Кумтөр" кенин мамлекеттештирүү боюнча талаптар коюлган.