Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана жарандык активисттер менен кошо Чүй облусундагы ишканаларды кыдырып, анда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат алган. Мекеме "Азаттыкка" кабарлагандай, Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдо 74 кыргызстандык, 34 кытайлык жаран эмгектенет. Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэм кытай жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашаарын, 2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой доллар жумшалганын билдирген.
Кыдыруу учурунда 400 адам эмгектенген “Кант түтүк-шифер" ишканасында Пакистандын 3 жараны – жетекчиси жана анын 2 техникалык кеңешчиси иштей тургандыгы аныкталды. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча текшерүүгө “Кырк чоро” коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылып, катышкан.
Расмий маалыматта Кытайдын Кара-Балтадагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводундагы чет элдик жумушчулардын саны тууралуу маалымат берилген эмес.
17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңден ашык киши келгенин билдиришкен.
Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери 21 жаранды "митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо кылган, кастыкты козуткан чакырык таштаган" деп кармап кеткен. Алардын ар бирине 3000 сомдон айыппул салынып, кое берилген. (ZKo)