Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Филиппиндеги жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Филлиппиндердин Марави шаарындагы аскерлер. 17-октябрь, 2017-жыл.
Филлиппиндердин Марави шаарындагы аскерлер. 17-октябрь, 2017-жыл.

Филиппиндин түштүгүндөгү ондогон кишинин өмүрүн алган кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобунун байланышы бар жоочулар өз мойнуна алышты.

27-январда таркатылган уюмдун билдирүүсүндө жардырууларды жанкечтилер уюштурганы айтылган. Калабада 20дай адам курман болуп, сексенге жакын киши жаракат алды. Биринчи жардыруу жекшембиде Холо шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө диний жөрөлгө өтүп жаткан маалда болгон, окуя болгон жерге куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү барганда экинчи бомба жардырылган.

Жергиликтүү полиция башкармалыгынын жетекчиси Грациано Михарес билдиргендей, каза тапкандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн алты өкүлү бар.

Холо аралы бир нече жылдан бери «Абу Сайяф» террордук тобунун жоочуларынан запкы көрүп келет. Бул уюм Кошмо Штаттарда да террордук топтордун тизмесине киргизилген.

"Ислам мамлекети" радикал уюму ошондой эле өз билдирүүсүндө Нигериянын Борно штатындагы 26-январда жасалган кол салуу үчүн да жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Нигерия армиясынын баш катчысы кол салууда сегиз аскер жарадар болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG