Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды


Албек Ибраимов сотто. 15-январь, 2019-жыл.
Албек Ибраимов сотто. 15-январь, 2019-жыл.

Буга анын адвокаттарынын 28-январга белгиленген сот ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө өтүнүч каты негиз болду.

Албек Ибраимовдун иши каралып жаткан Октябрь райондук сотунун алдына анын тарапкерлери жана жакындары да чогулушту. Алар Ибраимовго козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалашты. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы билдирди.

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү 15-январда Октябрь райондук сотунда башталган. Ал күнкү отурумда экс-мэр журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айткан.

Албек Ибраимовго ""Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат. Бул иш боюнча соттук териштирүү баштала элек. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мектеп курулушундагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG