Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

"Кара кабылан" Киноактерлор гилдиясынын башкы сыйлыгын алды


"Кара кабылан" фильминин актерлеру. Лос-Анжелес. 27-январь, 2019-жыл.
"Кара кабылан" фильминин актерлеру. Лос-Анжелес. 27-январь, 2019-жыл.

Жекшембиде Лос-Анжелесте АКШнын Киноактерлер гилдиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. 25-жолу өткөрүлгөн салтанатта башкы сыйлыкты "актерлордун мыкты курамы үчүн" "Кара кабылан" тасмасы жеңди. Андан тышкары бул тасма каскадерлердун трюктары үчүн да сыйлыкка арзыды.

- "Силерге экранда да, сахнада да орун жок" деген сөздөрдү угуп, билип турсак да дүйнөгө өзгөчө бир нерсе тартуулоо максатында өз ишибизди кыла бердик. Биз өзүбүз каалаган дүйнөнү кура аларыбызга көзүбүз жетти, - деди тасмадагы башкы ролду аткарган Чэдвик Боузман сыйлыкты алып жатып сүйлөгөн сөзүндө.

"Мыкты актер" наамына "Богемия рапсодиясы" фильминде Фредди Меркьюринин ролун аткарган Рами Малек татыды. "Аял" тасмасындагы ролу үчүн Гленн Клоуз "жылдын актрисасы" наамын алды.

Брэдли Купер менен Леди Гага башкы ролдорду аткарган "Жылдыз жаралды" тасмасы төрт номинацияда көрсөтүлгөнү менен бир да сыйлыкка жеткен жок.

XS
SM
MD
LG