Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Венесуэла: нааразылык акциясына чыккан 35 киши каза болгону кабарланды


Оппозиция тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу. Каракас. 23-январь, 2019-жыл.
Оппозиция тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу. Каракас. 23-январь, 2019-жыл.

Венесуэланын президенти Николас Мадурого каршы акциянын катышуучуларынын ичинен 35 киши мерт болгонун "France-Presse" маалымат агенттиги укук коргоочулардын сөзүнө таянып билдирди. "Foro Penal" укук коргоо уюму акцияга катышкан 850 киши камакка алынганын кабарлады.

Латын Америкасындагы Венесуэлада нааразылык акцияларынын жаңы толкуну январдын башында башталган. 21-январда бийлик куралдуу көтөрүлүштү басканын билдирген.

Улуттук гвардия акцияга чыккандарды колдоп, бирок Мадурого баш ийген күчтөргө багынып берген. Алардын кармалышы кайрадан толкундоолорду пайда кылып, 23-январда оппозиция өкүлү, Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын башчысы Хуан Гуайдо Каракастагы митингде өзүн убактылуу президент деп жарыялап, ант берген. Акциянын катышуучулары полиция менен кагылышкан. Ошондон бери өлкөдө иш жүзүндө кош бийлик өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG