Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Өзбекстан “БТА Банктын” каражатын уурдоого шектүүнү экстрадициялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Артур Трофимовду Өзбекстандан өткөрүп алды.

Маалыматка караганда, Трофимов “2005-2009-жылдар аралыгында “БТА Банктан” чоң суммадагы акча уурдаган, арам акчаны адалдаштырган, кылмыштуу топ түзгөн” деп шек саналууда.

Башкы прокуратура шектүү Өзбекстан менен Казакстандын укук коргоо органдарынын биргелешкен ишинин негизинде экстрадицияланганын билдирди.

Бир жарым жыл мурун “БТА Банктын" каражаттарын уурдоо иши боюнча мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов 20 жылга сыртынан соттолгон. Ал 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашайт.

XS
SM
MD
LG