Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Новопавловкада милиция кызматкери 11 жаштагы окуучуну сүзүп кетти


Автоунаа сүзүп, окуя болгон жерде мерт болгон 11 жаштагы окуучу.

Сокулук районунун Новопавловка айылында бүгүн 29-январь күнү таңкы саат жети чамасында 11 жаштагы баланы айдоочу сүзүп кеткен.

Окуучу кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Аны сүзүп кеткен айдоочу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери экени аныкталды. Бул маалыматты "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы ырастады.

Эгиздин түгөйү болгон 11 жаштагы бала Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектептин окуучусу болгон. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар кырсык болгон жердеги жолдо светофор жок болгонун айтып, нааразы болуп жатканын видеого түшүрүп, Интернетке жарыялаган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG