Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Кактус Медианын" кабарчысы Токмокко сурак бергени кетти


29-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Токмоктогу окуя боюнча маалымат берди.
29-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Токмоктогу окуя боюнча маалымат берди.

Токмоктогу "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында болгон окуя боюнча "Кактус Медиа" маалымат агенттигинин кабарчысы Марат Уралиев Токмокко суракка жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Марат Уралиев өзү кабарлады.

- Мага суракка чакыруу кагазы кечээ (28-январда) келген. Мени кечээ саат 18.00гө Токмокко чакырышкан. Бирок менин адвокатым тергөөчү менен сүйлөшүп, суракты бүгүн саат 11.00ге жылдырууну өтүнгөн. Мен үчүн бул таң калыштуу болду, себеби милиция кызматкерлери атышууга тиешеси барларды издебестен мени, журналистти суракка чакырып жатышат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов "Токмокко барбай эле кой" деп оозеки айтты, бирок менин колумда чакыруу кагазы бар да, ал расмий документ, - деди Марат Уралиев.

25-январда болгон чуулгандуу окуя "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалыматка ылайык "күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыган" деп айтылып жаткан Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен жаңыдан алектене баштаган Бахтияр, Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн.

Ортодо талаш-тартыш чыгып, Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан жараат алган. Интернетте башына, аркасына жана санына желим ок тийген жаран тартылган кыска видео да жайгаштырылды. Андагы сүйлөшүүлөрдөн "Чемпион" деген каймана аты бар адамдын Дастан аттуу таанышы атканын айтып жатканын угууга болот.

Расмий такталбаган маалыматка караганда Кубан Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев болушу мүмкүн. Кочкорбаев болсо Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев менен жакын мамиледе экени белгилүү. Тар чөйрөдө депутат Самаев "чемпион" деген каймана ат менен белгилүү. (KR)

XS
SM
MD
LG