Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Биринчи вице-премьер-министр Чаткал, Ала-Бука райондорунун акимдерин зекиди


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы кендерге байланыштуу маселелер жана чыр-чатактар ошол райондордун акимдеринин ишине көз каранды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул тууралуу 29-январда Жалал-Абад шаарында өткөн жыйын учурунда билдирди:

- Мага жеткен маалыматтар боюнча аким менен аймактагы укук коргоо органдары кен иштеткен компаниялардын "үстүнөн карайт" экенсиңер. Азыр ачык айтпай эле коеюн, ишкерлер менен жолуккан учурда бизге бир топ маалыматтарды берип жатышат, сиздер боюнча. Терек-Сайдагы окуяда шерменде болдук го! Жакында эки райондун акимдерин президент Сооронбай Жээнбеков да ушул багытта Бишкекке кабыл алууга чакырып жатканын билсеңиздер керек. Демек бул багытта маселе бар экенин өзүңүздөр да жакшы билесиздер.

Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров биринчи вице-премьер-министрдин дооматына макул болгон жок. Ал кызматка келгенине жарым жыл болгонун, коюлуп жаткан дооматтар өзүнө чейинки иштерге тиешелүү болушу мүмкүн экенин айтты.

Учурда Жалал-Абад облусунун жетекчилиги жыл жыйынтыгын чыгарган чогулуш өткөрүп жатат. Ага облустагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. (RsK).

XS
SM
MD
LG