Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Бир айда 19 мигранттын сөөгүн жеткирүү боюнча чыгым төлөнүп берилди

Мигранттын өлүмүн күбөлөндүргөн кагаз.
Мигранттын өлүмүн күбөлөндүргөн кагаз.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-кеңеш берүү борборунун кызматкери Алмаз Алыбаев 29-январда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, сөөгү мекенине алып келинген маркумдардын 18и Орусиядан, экөө Казакстандан алып келинген. Аткаминердин айтуусунда, сөөк жеткирүүнүн чыгымдарын төлөп берүү боюнча 20 өтүнүч каралып, жалпы жонунан мамлекет тарабынан 1 млн. сом төлөө боюнча чечим чыкты.

Алмаз Алыбаевдин сөзү боюнча, кыргызстандык мигранттар көбүнчө курулуш жана өнөр жай ишканаларында иштеп жатып каза табат. Сөөктү мекенине жеткириш үчүн 50 миң сом төлөнөт.

2018-жылы чет мамлекеттерде каза тапкан мекендештердин сөөгүн алып келүүдөгү чыгымдарын төлөп берүү боюнча 199 арыз түшкөн. Анын ичинен 179у Орусиядан, 10у Түркиядан, үчөө Казакстандан, үчөө Түштүк Кореядан, бирден адамдын сөөгү Кытайдан, Сауд Арабиясынан, Швециядан жана Италиядан алынып келген.

2017-жылы Кыргызстанга чет өлкөдө каза болгон 245 жарандын сөөгү келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG