Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

Ош шаарындагы Навои көчөсүндө жаңы көпүрө курулат


Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Июль, 2015-жыл.
Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Июль, 2015-жыл.

29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жекелик каналындагы жаңы көпүрөнүн курулушуна капсула салды. Шаар башчы ириде курулуштун сапатына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. Жаңы көпүрөнүн узундугу 9 метр, туурасы 12 метр болот. Көпүрөнүн курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланууда, ага шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылат. Таалайбек Сарыбашов А. Асранкулов көчөсүнө курулуп жаткан тротуардын курулушун да текшерүүгө алып, таман таш (брусчатка) төшөө иштерине чейин мыйзамсыз курулуштарды алып салууну тапшырды.

Аталган тротуардын узундугу 157, туурасы 3 метр. Учурда жолго таман таш төшөлүп жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, бул жердеги эски көпүрө жараксыз абалга келип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү корутунду чыгарган.

2015-жылы күзүндө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө пайдаланууга берилген. Көпүрөнүн курулушу жана сапаты жөнүндө коомчулукта кыйла сын пикирлер айтылып жүрөт. Эстакадалык көпүрөнүн курулушуна 669 млн. сом сарпталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG