Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Сирияда казакстандык жүздөй "согушкер" бар


Сириядагы казакстандыктар. Сүрөт видео тасмадан алынган.
Сириядагы казакстандыктар. Сүрөт видео тасмадан алынган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков билдирди.

Ал парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын комитет жыйынында белгилегендей, Сирияда Казакстандын али 300дөй жараны кала берүүдө, алардын 100 чактысы "согушкерлер".

Казакстандын атайын кызмат башчысынын орун басары Сириядагы “согушкерлер” мекенине кайтып келген шартта жоопко тартыла турганын белгиледи.

Казак бийлиги буга чейин жарыялагандай, быйыл 6-январга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сириядан Казакстанга 47 киши, анын ичинде 30 бала, 11 аял, алты эркек кайтарылган.

Бул окуянын артынан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Сирияда али өлкөнүн 370-380дей жараны жүргөнүн, алардын көпчүлүгү аялдар экенин, алар менен кошо дагы 400-500дөй бала бар экенин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG