Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Түркиядагы мигранттардын социалдык жеңилдиктери жөнүндө мыйзам ишке кирет


Түркия.
Түркия.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча 2018-жылы, 9-апрелде Анкара шаарында кол коюлган келишимди ратификациялоо" жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады. Келишимге ылайык, бир өлкөдө иштегени үчүн бекитилген пенсия жарандын жашаган жерине карабастан төлөнүп берилет. Ошондой эле ишинин оордугуна, төрөткө байланыштуу жана башка ишке жараксыздыгы үчүн жөлөкпул, өлгөндөн кийин төлөнүүчү акча да эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөнүп берилет.

Мыйзам жарыялангандан тартып он күндөн кийин ишке кирет.

Эки өлкөнүн ортосунда мигранттарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишимге президент Сооронбай Жээнбеков былтыр 9-апрелде Түркияга расмий сапары менен барганда кол коюлган. Келишим боюнча, социалдык төлөмдөр Түркияда эмгек визасы менен мыйзамдуу иштеген мигранттар үчүн гана каралган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, учурда Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын дээрлик токсон пайызынын эмгек визасы жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG