Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Тажикстан Орусиянын ИМ тобу боюнча маалыматын текшерүүдө


Тажик-ооган чек арасындагы өткөөл бекет. 2010-жылы тартылган сүрөт.
Тажик-ооган чек арасындагы өткөөл бекет. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына Тажикстандын Чек ара аскерлери боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугходжаев билдирди. Ал ошондой эле тажик-ооган чек арасындагы кырдаал учурда “туруктуу” экенин, чек ара толук көзөмөлдө турганын кошумчалады.

Орусиядан ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов Пакистандан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери белгисиз тик учактар менен массалык түрдө Тажикстандын чек арасына ташталып жатканын 28-январда айтып чыккан эле.

Орус ички иштер министринин орун басары бул аймакта "ири масштабдагы чагым" пландалып жатканын да болжолдогон.

Тажик-ооган чек арасындагы террор коркунучу тууралуу орусиялык расмий өкүлдөр мезгил-мезгили менен эскертип келишет.

Тажикстандын чек ара аскерлеринин отставкадагы полковниги Абдушафе Тоджов “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы менен маегинде Орусия тарап соңку билдирүүсү аркылуу алардын күчтөрүнүн азыркы учурда тажик-ооган чек арасында турушунун маанилүүлүгүн айтууну көздөп жатканын белгиледи.

Тажикстандын аймагында Орусиянын №201 аскердик базасы бар. Анда 6 миңдей жоокер кызмат өтөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG