Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Пакистандын соту христиан аялды актаган чечимди күчүндө калтырды


Асия Биби
Асия Биби

Пакистандын Жогорку соту 29-январдагы отурумунда Асия Бибинин иши боюнча анын мурдагы чечимине каршы берилген арызды четке какты.

Буга чейин Жогорку сот Асия Бибини өлүм жазасына кескен сот өкүмүн былтыр октябрда жокко чыгаруу менен айыпкерди актаган.

Жогорку соттун былтыркы чечими радикал исламчылардын ири нааразылык акцияларына түрткү болгон. Ал демонстрациялардын учурунда кыянатчылыкка да жол берилген.

Андан бери Пакистандын өкмөтү исламчыл "Tehrik-e Labaik Pakistan" партиясына каршы чара көрүп, анын лидерлерине терроризм боюнча да айып койгон.

Бирок бул партия мурдараак Асия Бибини абактан бошото турган чечимди кабыл албай турганын билдирип, жактоочуларын жаңы нааразылык акцияларына даярданууга чакырган.

Бүгүн Жогорку сотто чечим чыгарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Төрт баланын энеси, 54 жаштагы Асия Биби "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди” деген айып менен өлүм жазасына 2010-жылы кесилген.

Өзү күнөөсүз экенин айтып келген аял эми абактан биротоло бошотулары кабарланууда. Анын кыздары Канададан башпаанек алган. (UE)

XS
SM
MD
LG