Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

"Апрель" телеканалына каршы жазылган доо арыз сотто каралат


Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 10-декабрда "Апрель" телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 10-декабрда "Апрель" телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.

"Апрель" телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников билдиргендей, ишти бүгүн, 30-январда Бишкектин Октябрь райондук соту териштирүүгө киришет.

Телеканалга каршы арыз менен саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев арыз жазган. Алар былтыр 10-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрелдеги” маегинде айткандары «аброюбузга шек келтирди» деп жатышат. Бул үчүн алар Атамбаев менен телеканалдан 18 миллион сом өндүрүүнү өтүнүшкөн.

Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналындагы маегинде “азыркы бийлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллионер болгондорду текшериши керек” деп, Келдибеков менен Түлеевдин аттарын атаган. Ал ошондой эле Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаевди сынга алган.

Атамбаевге таандык «Апрель» телеканалы 2018-жылдын башынан бери иштеп жатат. Ложниковдун айтымында, сотто телеканалдын кызыкчылыгын "Медиа Полиси" институту коргогон атат. (NT)

XS
SM
MD
LG