Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-январда өтүп жаткан сессиясында камактагыларга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлат.
“Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгы жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев баштаган топ сунуш кылган.
Буга чейин долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралган.
Документ колдоо тапса, абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн. Алардын арасында камактагы саясатчылар да мунапыска илиниши ыктымал экени айтылган. (NT)