Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Ошто көмүр исине ууланган 18 бала ооруканадан чыгарылды


Ураган мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Ураган мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Эски мектепте сабак учурунда көмүр исине ууланган балдар 29-январь күнү Ош облустук балдар ооруканасына алынып келген.

Үч бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Балдар Алай районунун Самат Ашимов атындагы орто мектептин 4-классынын окуучулары. Балдар менен кошо аларды окуткан мугалими да иске ууланып, Ош облустук аймак аралык ооруканасына жаткырылган.

Облустук балдар ооруканасынын өкүлдөрү "Азаттыкка" маалымдашкандай, жандандыруу бөлүмүндөгү балдар ошол эле күнү палатага которулган. 30-январда алардын абалы канааттандырарлык болгондуктан, кайра үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Жыргалбек Кызыров билдирди:

- Иске ууланып, баштары айланып, алсыз абалда келишти. Биз алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, кычкылтек менен дем алдырып, тиешелүү эмдөө жүргүздүк. Кечке жуук балдардын абалы турукташып, өздөрүн жакшы сезип калган. Бүгүн эртең менен дагы бир жолу текшерип, үйлөрүнө жибердик.

Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылындагы Самат Ашимов атындагы орто мектеп - аймактагы эскилиги жеткен билим уяларынын бири.

1973-жылы малкана болуп курулган имаратта жалпы жылуулук системасы жок. Ар бир класска өзүнчө мешке от жагылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "мектеп авариялык абалда" деген корутунду чыгарган. Жергиликтүү активист Медетбек Макеновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жаңы мектептин курулушуна 45 млн. сомдук долбоор түзүлүп, 2015-жылы 3 млн. сом бөлүнгөн. Активисттин айтмында, жаңы имараттын пайдубалы казылган боюнча иш жылбай турат. (MdN/ZKo)

XS
SM
MD
LG