Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециянын башчысынын орун басары болуп 29-январда Шайлообек Нарбеков дайындалды.
Ага 2013-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) өздүк коопсуздук башкармалыгын жетектеп турган маалда УКМК "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айып койгон.
2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы (АКС) Финполициянын жетекчиси Бактыбек Ашировду "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айыптап, камакка алган. Анда УКМК тарабынан Шайлоо Нарбеков да кармалып, суракка чакырылган.
Учурда Шайообек Нарбековдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. (KR)