Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Ошто кароосуз калган эки наристе балдар үйүнө өткөрүлдү


Энеси калтырып кеткен эки кыз.
Энеси калтырып кеткен эки кыз.

Төрт жаштагы Мадина жана эки жаштагы Бубина аттуу эки кызды энеси өзү жалдаган батирдин ээсине калтырып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, шаардагы Өзгөн көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине аты-жөнү белгисиз келин эки кичинекей кызы менен келип, бир бөлмөсүн ижарага алган.

Эртеси күнү жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээси келин кеткенден бери он күндөн ашуун убакыт өткөнүн, бул аралыкта кыздарды өзү карап, багып келгенин милицияга айткан.

Батирдин кожойкесинин сөзү боюнча, кыздардын апасы эки-үч күндөн кийин бир жолу телефон чалып, балдарын карап турууну суранып, жакында бара турганын айткан.

Кароосуз калган наристелерди милиция 29-январь күнү «Түнкү өспүрүм» деген рейд учурунда тапкан. Үй ээси балдардын апасынын дарегин, аты-жөнүн толук сурап калууга үлгүрбөгөнүн билдирген.

Кичинекей кыздар апасынын аты Хаитхон экенин гана билишет.

Милиция кызматкерлери шаардык социалдык коргоо кызматкерлери менен чогуу үй-шартына кароо жүргүзүп, балдарды шаардык балдар үйүнө өткөрүп берүүнү чечкен.

Учурда балдардын ата-энесин издөө иштери жүрүп жатат.(MdN)

XS
SM
MD
LG