Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Ош: Айыл өкмөт өзүнө нааразы тургундарды сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жер боюнча нааразылыгын айтып чыккан айыл тургундарын сотко берди.

Муну айыл өкмөт башчысы “Азаттыкка” өзү ырастады. Шарабидин Капаров өзүнүн кадыр-баркын 1,5 миллион сомго баалап, ал сумманы айыл өкмөт башчынын ишмердүүлүгүнө нааразы тургундардан өндүрүп берүүнү суранган.

Ал арада айыл өкмөт башчынын ишмердүүлүгүн сындап келаткан аялдар кайрадан басма сөз жыйынын өткөрүш үчүн 5 миң сом таппай жүрүшкөнүн “Азаттыкка” билдиришти. Алар "20 миң сом айлык алган айыл өкмөт башчы сотко даттанган 1,5 миллион сомдун мамлекетке төлөнчү 150 миң сомун кайдан тапты?" деген суроо коюшууда.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айылынын тургундары бир нече жолу басма сөз жыйындарын уюштуруп, "аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарабидин Капаров жерлерди мыйзамсыз сатып жатат, карапайым элге жер бөлүп бербейт" деген нааразылыгын айтып чыгышкан. (YI)

XS
SM
MD
LG