Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Абылгазиев: Мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүш керек


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында cүйлөп жатып билдирди.

- "Кыргызалтын" илең-салаң иштеген компанияга айланды. Кумтөрдө алтын азайганына байланыштуу андан кийинки чараларды иштеп жатабыз. Сыртка ташылган рудаларга салык салынат. Кайра иштете турган ишкана курууга кеминде эки-үч жыл керек, ошондуктан салык салуу жагы каралат. Азыр рудалар сыртка мыйзамсыз ташылып, бюджетке акча түшпөй жатат, - деди Абылгазиев.

Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев аймактарды өнүктүрүүгө жумшоо максатында алтын кендеринен түшкөн акчаны сала турган фонд түзүүнү сунуш кылды.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу чараларына арналган. (EBM)

XS
SM
MD
LG