Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Баткен облустук соту Мелис Калыковдун адвокатынын арызын кароодо


Мелис Калыков
Мелис Калыков

Прокурордун өлүмү үчүн шектүү катары кармалып, Ош шаарында №25 тергөө абагында отурган Мелис Калыков Баткен облустук сотуна жеткирилди. Ушул тапта Баткен облустук сотунун коллегиясы шектүү Мелис Калыковдун адвокатынын арызын карап жатат.

Адвокат Асылбек Кунгуров "облус прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүргөн деп шек саналган Мелис Калыковду кармоо учурунда мыйзам бузулган, ал 20 саат бою адвокаты жок кармалып турган" деген доо менен сотко кайрылган. Мурда Баткен райондук соту адвокаттын бул арызын алуудан баш тарткан, ага байланыштуу Кунгуров облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG