Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Милиция кызматкери зордуктоого шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Ата райондук милициясына 28 жаштагы кыз кайрылып, жакшы тааныбаган бир нече эркектер аны күчтөп зордуктап кетишкенин билдирген. Издеп-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал Бишкектеги Свердлов РИИБнин 36 жаштагы кызматкери болуп чыкты. Зордуктоого шектүү милиционер убактылуу камоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул жыл башынан берки милиция кызматкеринин катышы менен жасалганы кабарланган үчүнчү иш болуп калды. 21-январда Бишкекте мас абалдагы милиция кызматкери унаасы менен коюп кетип, 29 жаштагы аял каза тапкан. 29-январда Бишкек-Ош жолунда Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери 11 жаштагы баланы унаасы менен коюп, жан таслим кылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG