Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

"France 24" телеканалынын баянында кыргыз паспортунун учу көрүндү (видео)


"France 24" телеканалынынын видео баянындагы кыргыз паспорту.
"France 24" телеканалынынын видео баянындагы кыргыз паспорту.

29-январда Франциянын "France 24" телеканалы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террорчул топтун өкүлдөрү Сириядагы жихадчы аялдарды бошотуп жаткан учурун тасмага түшүрүп, видео баян жарыялаган.

Анда жихадчы аялдарга алардын паспортторун таратып берип жаткан согушкерди көрүүгө болот. Паспорттордун ичинен Кыргызстандын ички паспортун көтөрүп жүргөн аялдарды да көрүүгө болот.

Видеодо журналисттер Франциядан келген жихадчы аял менен баарлашкан. Ал Францияда мусулман болгондуктан кысымга кабылып, дин тутуу эркиндигине толук ээ боло албай жүргөндүктөн халифат кургусу келгендерге кошулганын айтат. Бирок "Ислам мамлекети" ал күткөндөй болбогонун жана бул жакка келген көптөгөн аялдар өз чечимдери үчүн өкүнгөнүн кошумчалайт.

"France 24" - Франциянын мамлекеттик телекомпаниясы. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан телеканал өз берүүлөрүн англис, араб, испан жана француз тилдеринде даярдайт. (KR)

XS
SM
MD
LG