Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн тандап, бекитти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында беш талапкердин ичинен Атыркүл Сарыбаеванын талапкерлигине 77 добуш берилип, ал Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп тандалды. Парламент төрагасы Дастан Жумабеков Атыркүл Сарыбаеваны КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө кылып бекитүү жөнүндө токтомду жарыялады.
Атыркүл Сарыбаева учурда "Алтын үрөн" жеке чарбасында иштейт. 1996-жылы КТРКда иштеген. (ZKo)