Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Жогорку Кеңеште "көрүнбөгөн балдар" инсталляциясы коюлду


"Көрүнбөгөн балдар" инсталляциясы.
"Көрүнбөгөн балдар" инсталляциясы.

Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын ичинде жаш балдардын сөлөкөтү түшүрүлгөн инсталляция коюлуп, ылдый жагына балдардын бузулуп жаткан укуктары тууралуу маалымат жазылган.

Мисалы, алардын бириндеги жазууда "жарандыгы жок бала өмүр бою кыйынчылык көрүп өтөт жана басмырлоого дуушар болот" деп жазылган. Дагы биринде "Кыргызстанда курагы беш жаштан ылдый 18 миң баланын жарандыгы жок" деген жазууну көрүүгө болот.

Дүйнөдө жашы бешке чейин 230 миллион баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү, анын себебинен алардын ысымы да жок жашап келет.

Инсталляцияны уюштурган эл аралык уюм атайын өздөрүн атабастан, алгач коомчулуктун көңүлүн жарандыгы жок балдарга бурууну көздөйт. (KR)

XS
SM
MD
LG