Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Бир жылда судьяларга 1700дөй арыз келип түшкөн


Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын басма сөз жыйыны.
Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын басма сөз жыйыны.

2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын октябрына чейин Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына судьяларга каршы 1700дөй арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен 400гө жакыны каралып жатат. 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, анын жыйынтыгында 74 сотко карата тартип жазасы колдонулган.

Алардын ичинен 44 судьяга алдын ала эскертүү, 17 судьяга эскертүү, сегиз судьяга сөгүш берилип, беш судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Ал эми 172 арыз боюнча сотторго карата чара көрүүдөн баш тартылган. Мындан сырткары судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча беш сунуш келтирилип, анын ичинен төртөөнө макулдук берилген.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2017-жылдын аягында түзүлгөн. Бишкекте бүгүн, 31-январда бул комиссиянын ишмердигине байланыштуу басма сөз жыйыны өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG