Бул кылмыш иштеринин негизинде 83 милиционерге айып коюлуп, жоопко тартылган. Жалпысынан былтыр кызматтык тартипти жана мыйзамды бузганы үчүн 5811 кызматкер жоопко тартылып, 155 кызматкер иштен алынган. 263 милиционер ээлеп турган кызматынан бошотулган. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.
Маалыматта ошондой эле ички иштер тармагындагы кызматын өз кызыкчылыгына колдонгусу келген, пара алган, кылмышты жашырган, орой мамиле кылган, форманы жамынып алып коррупциялык иштерге барган кызматкерлерден тазалоо иштери ар дайым жүрүп келгени айтылат. Мындан тышкары кызматкерлердин арасында окуу-тарбия иштери да жүргүзүлүп турары белгиленген.
"Милиционерлер мыйзам бузган же кызматтык тартипти сактабаган ар бир фактыга баа берилет, бир да мындай иш коомчулуктан жашырылбайт" деп айтылган маалыматта.
Жыл башынан бери милиция кызматкеринин катышы менен жасалган үч кылмыш иши катталган. 30-январда Чүйдө кыз зордуктоого шектүү катары Свердлов РИИБинин кызматкери кармалган. 21-январда Бишкекте мас абалдагы милиция кызматкери автоунаасы менен коюп кетип, 29 жаштагы аял каза тапкан. 29-январда Бишкек-Ош жолунда Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери 11 жаштагы баланы машинеси менен коюп, жан таслим кылган. (ZKo)