Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Душанбеде быйыл үч кабаттуу эки эстакаданын курулушу бүтөт


Душанбедеги эстакаданын курулушу, 26-февраль, 2018-жыл.
Душанбедеги эстакаданын курулушу, 26-февраль, 2018-жыл.

Тажикстандын башкалаасы Душанбеде үч кабаттуу эки эстакаданын курулушу үстүбүздөгү жылдын этегине чейин бүтөт. Бул тууралуу 31-январда шаардын вице-мэри Махмадсаид Зувайдзода билдирди.

«Азаттыктын» тажик кызматынын эстакаданын курулушунан улам микрорайондордун тургундары «туңгуюкка» кептелип калганы жөнүндө суроосуна Зувайдзода «Эмомали Рахмон ишти 2019-жылдын этегине чейин бүтүрүүгө тапшырма бергенин» айтып жооп берди.

Курулуш жүрүп жаткан аймактагы бир нече микрорайондун 100 миңден ашуун тургуну күнүгө 3-5 чакырым жөө басып, аялдамага жетишет.

Душанбедеги заманбап жолдун курулушун эл аралык институттар каржылайт. Долбоордун алкагында башкалаанын батыш ыптасында үч кабаттуу эстакададан экөө курулат. Анын бири эки жыл мурун башталып, былтыр сентябрда бүткөн. Бирок эстакаданын биринчи кабаты гана ишке берилген. Экинчи эстакаданын курулушу эки жылдан бери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG