АКШ менен Советтер Союзунун ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимин денонсациялоо жараяны 2-февралда баштала турганы кабарланды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинен алынган маалыматка караганда, бул тууралуу бүгүн, 1-февралда расмий түрдө жарыяланат деп күтүлүүдө.
Тараптар орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча макулдашууга 1987-жылы кол коюшкан.
Былтыр октябрда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат деген негизде келишимден баш тартуу ниетин жарыялаган. Москва келишимдеги "милдеттер аткарылбай жатат" деген сын менен макул эмес.
СССР менен АКШнын ортосунда кол коюлган документ орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салат. Ал аралык 500-550 чакырым деп белгиленген.