Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

Азия кубогу: Катар менен Жапония кубок үчүн ойнойт


Жапония - Иран оюнунан.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунда бүгүн финалдык беттеш болот. Анда Катар жана Жапониянын футболчулары биринчи орун үчүн ойношот. Бул оюнда жеңүүчү өлкө алдыдагы төрт жылга Азия чемпиондору наамына ээ болот.

Катар командасы буга чейин БАЭ, Түштүк Корея, Ирак командаларын плей-офф оюндарында утуп алган.

Ал эми жапондор Иран, Вьетнам, Сауд Арабия командаларын оюндан четтеткен.

Катар – Жапония оюну Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталат.

Мындан төрт жыл мурда Азия кубогун Австралия өлкөсү утуп алган. Быйыл Австралия чейрек финалда чемпионаттан четтеди.

Быйылкы Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышып, 1/8 финалда БАЭге утулуп калды. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG