Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Финпол: Матраимовдун мүлкүн текшерүүдө туугандык байланыш таасир этпейт


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалымат катчысы Анастасия Пискур "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү мүлктү текшерүүдө анын Финполдо иштеген тууганы таасир этет деген жоромолдор суу кечпейт. Бул факт боюнча текшерүү жүргүзүп жаткан бөлүм менен Райымбек Матраимовдун иниси жетектеген бөлүмдүн эч кандай байланышы жок, ошондуктан, кайсы бир туугандык байланыштар текшерүүнүн жүрүшүнө таасир этет деген туура эмес", - деп айтылган маалыматта.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришкенин Финполициянын басма сөз кызматы 31-январда билдирген.

Текшерүү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатканы айтылган. Бул маалыматтан кийин социалдык тармактарда Райымбек Матраимовдун мүлкүн анын Финполицияда иштеген бир тууган иниси Исманбек Матраимов жетектеген бөлүм териштире турганы тууралуу маалымат тараган.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет. Атамбаев ошондой эле Матраимовдорду "азыркы президенттин капчыгы" деп атаган.

Матраимов Алмазбек Атамбаев бийликте турганда сөз болуп жаткан кызматта иштеп, ал бийликтен кетип жатканда кызматтан алынган. (KE/ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG