Ала-Бука районундагы Ажек орто мектебинин чатырдагы класстарын маданият үйүнө көчүрүп, чатырга мугалимдердин усулканасын ж.б. көчүрүү чечими кабыл алынды.
Бул тууралуу мектеп жайгашкан Биринчи Май айыл аймагынын жетекчиси Мухтар Шербаев "Азаттыкка" билдирди:
-"Азаттык" кечээ жазып чыккандан кийин Билим берүү министрлиги реакция кылып, райондук билим берүү башкармалыгына тапшырма бериптир. Бүгүн алардын жетекчилери келип, жергиликтүү бийлик менен чогуу жыйын өткөрүп сүйлөштүк. Анда чатырда балдар окуп жаткан класстарды маданият үйүнө көчүрүү чечимин кабыл алдык. Бирок ошол эле убакта зарылчылык болсо, чатырда айрым класстар сакталып калышы ыктымалдыгы да айтылды.
Ала-Бука районундагы №20 Ажек орто мектеби 1959-жылы курулган. ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Бирок имарат тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жаткан. Мектепте 530 окуучу бар.
1-февралда Билим берүү министрлиги аталган мектепте чатырда окуган балдар имаратка көчүрүлгөнүн кабарлаган. Министрлик тараткан маалыматта айтылгандай, балдарды чатырда окутуу демилгесин жергиликтүү бийлик көтөргөн. Бул күн кыска кышкы убакта балдар сабактан кийин үйүнө эрте жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү максатында ишке ашырылган.
Билим берүү министрлиги Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө Ажек орто мектебиндеги окуу жадыбалын балдар чатырга окубай турган кылып өзгөртүүнү тапшырды. Министрлик Курулуш, архитектура агенттигине Ажек орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун 2019-жылдын тизмесине киргизүүнү сунуштаган. (ZKo)