Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

ЮНИСЕФ: Кыргызстанда 18 миң бала каттоосуз


"Көрүнбөгөн балдар" инсталляциясы Бишкектеги Ош базарында.
"Көрүнбөгөн балдар" инсталляциясы Бишкектеги Ош базарында.

Кыргызстанда балага туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алууну жеңилдетүү аракети көрүлө баштады.

Бул тууралуу 1-февралда Бишкекте өткөн жыйында айтылды.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду уюштурган "Көрүнбөгөн балдар" акциясы жыйынтыкталып, талкууга бийлик өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Жыйында маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов менен Динара Исаева «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышты. Ушундай эле дагы бир мыйзам долбоорун Мамлекеттик каттоо кызматы да сунуштоодо.

Каттоо кызматынын өкүлү Галия Аманованын айтымында, эгер сунуштар кабыл алынса, балага күбөлүк ата-энесинин документисиз, төрөт үйү жазып берген медициналык маалымкаттын негизинде эле бериле баштайт.

- Азыр баланы каттоо үчүн төрөтканадан маалымкат жана ата-энесинин документи керек. Эми мыйзам кабыл алынса кыйла жеңилдейт.

“Көрүнбөгөн балдар” акциясынын алкагында коомдук жайларда, базарларда жана парламенттин ичинде балдардын айнекке окшогон материалдан жасалган сөлөкөтү инсталляция түрүндө орнотулуп, алдына “Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын 18 миңи катталган эмес” деген түшүндүрмө жазылган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар жана кыздар. (RK)

XS
SM
MD
LG