Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Кыз зордуктоого шектүү милиционер үй камагына чыгарылды


иллюстрациялык сүрөт.
иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кыз зордуктоого шек саналган милиция кызматкеринин баш коргоо чарасын 31-январда Ысык-Ата райондук соту караган.

Сот шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Милициянын маалыматы боюнча, экинчи тараптан тосмо арыз жазыла элек. Сотко чейинки иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

27-январь күнү Ысык-Ата РИИБне 28 жаштагы жаран кайрылып, өзүн жакшы тааныбаган бирөөлөр күч колдонуп, зордуктап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин натыйжасында зордуктоого шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал Бишкектеги Свердлов райондук милициясында иштери аныкталган. Шектүү ошол эле күнү убактылуу камоочу жайга киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG