Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Гуайдо үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканын айтты

Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо.
Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо.

Венесуэла оппозициясынын лидери, өзүн өлкөнүн “утурумдук президенти” деп жарыялаган Хуан Гуайдо бийлик үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүп жатканын айтты.

Ал 31-январда Каракас университетинде сүйлөгөн сөзүндө Венесуэланын атайын полиция бөлүмүнүн өкүлдөрү үйүнө келип кеткенин билдирди:

- Атайын күчтөрдүн өкүлдөрүнөн кийин эки мотоцикл жана бир ак чоң автоунаа келди. Алар күзөтчүлөргө жакындап, жубайым Фабиананы жана үй-бүлөмдү сурашкан. Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менин кайда жүргөмдү билгиси келишкен.

Гуайдо полиция өкүлдөрү жубайы менен сүйлөшүп кеткенин, ал маалда үйдө бир жаштан өткөн кызы да болгонун, ага бир нерсе болсо бийликти күнөөлөй турганын кошумчалады.

Бирок Венесуэланын полициясы Гуайдонун үйүнө эч ким барбаганын маалымдап жатат.

Ошентсе да өлкөнүн Башкы прокуратурасы адам өмүрүн алган массалык башаламандыктагы оппозиция лидеринин ролун териштирип жатканы кабарланган. Мурдараак Венесуэланын Жогорку соту Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салып, анын банк эсептерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Гуайдону Батыштын жана Түштүк Американын бир катар мамлекеттери колдоп жатат. Орусия баштаган айрым өлкөлөр президент Николас Мадурого жан тартууда.

XS
SM
MD
LG