Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Ош шаарына быйыл 3 миң бак-дарак отургузулат


Ош шаары.
Ош шаары.

Шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Ошко миңге чамалуу ийне жалбырактуу арча отургузулуп, 2 миллиондон ашуун гүл эгилет.

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарындагы Исанов атындагы көчөгө ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына мэр Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары жана тиешелүү ишканалардын кызматкерлери катышты.

Буга чейин Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө элүүгө жакын дарак кыйылган. Шаардын түштүк-чыгыш кичи шаарчасындагы эс алуучу жайдагы бактын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулган. Активисттер Ош шаарында жаңы жерлерди жашартып, бак кылуу планы жарыялана электигине нааразылык билдирип келишет.

Калаада расмий түрдө 350 миңдей адам туруктуу жашайт. Шаар ичинде күн сайын 150 миңдей машине жүрөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG