Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Азия кубогу: Катар чемпионатты утуп алды


Сыйлык тапшыруу аземи. 1-февраль, 2019-ж. Абу Даби, БАЭ.
Сыйлык тапшыруу аземи. 1-февраль, 2019-ж. Абу Даби, БАЭ.

Бириккен Араб Эмираттарында өткөн футбол боюнча 2019-жылкы Азия кубогун Катардын улуттук курама командасы утуп алды. Алар финалда Жапония менен ойноп 3:1 эсеби менен жеңди.

Катарлыктар алгачкы голду 12-мүнөттө Али Алмоездин көмөгү менен жаратса, 27-мүнөттө Абдулазиз Хатемдин голу менен эсепти 2:0гө жеткирди.

Жапония 69-мүнөттө эсепти 2:1ге чейин кыскартканы менен 83-мүнөттө Катар пенальтинин жардамы менен оюн жыйынтыгын 3:1 кылып, оюнга чекит койду.

Катар быйылкы Азия кубогунда өз дарбазасына бир да гол өткөрбөгөн команда болуп келди. Аларга финалдык оюнда гана Жапония бир гол киргизди.

Катар Азия кубогунун тарыхында бир да жолу чемпион аталган эмес.

Ал эми Жапония Азия чемпионатын буга чейин төрт жолу утуп, кубокту эң көп уткан мамлекет болуп келет.

Быйылкы Азия чемпионатына Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта биринчи жолу катышып, 1/8 финалдык бөлүккө чейин жетип, БАЭге утулду. (SDz)

XS
SM
MD
LG