Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты


Корчубек Акназаров.
Корчубек Акназаров.

Коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Корчубек Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштеп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болгон.

1961-жылдан 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Ал Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG